Казакстанда ичиндеги адамдар менен чуңкурга кирип кеткен автобус. Каза болгондордун буюмдары табылды

Павлодар облусундагы «Майкаинзолото» акционердик коомунун аймагында чуңкурга түшүп кеткен адамдардын буюмдары табылды. Бул тууралуу Tengrinews.kz жазды. 

Маалым болгондой, куткаруучулардын сумкасынан жумушчу документтери жана жол жүрүү журналы табылган. Ошондой эле, окуя болгон жерден пайда болгон сүрөттө куткаруучулардын иштөөчү шаймандары жана автобустун бөлүгү тартылган. 

Автобустун өзүн жана дайынсыз жоголгон эки куткаруучуну издөө иштери дагы эле уланууда.

4-январь күнү саат 01:25 чамасында Павлодар облусунун Баянауыл районунда «Майкаинзолото» ААКсынын аймагында, Майкаинский шахтасынын жанында төрт жүргүнчүсү бар автобус тазалоочу жайга түшүп кеткен. Эки адамдын жансыз денеси табылган.