Казакстанда ичиндеги адамдар менен чуңкурга кирип кеткен автобус табыла элек (видео)

Павлодар облусунда «Майкаинзолото» акционердик коомунун шахтасында адамдар менен кендеги тазалоочу аймакка түшүп кеткен автобусту издөө иштери уланууда. Бул тууралуу Tengrinews.kz жазды.

Куткаруу иштери 4-январга караган түнү башталып, дагы деле уланууда. Расмий маалыматтар боюнча, иш жердин урап калуу коркунучунан улам татаалдашып, бардык зарыл болгон коопсуздук чараларын сактоо менен жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Павлодар облусунун акими Асайн Байханов билдирди.

«4-январга караган түнү болжол менен саат 01:25те Павлодар облусунун Баянауыл районунда «Майкаинзолото» акционердик коомунун тоо-кен участогуна баруучу жол урап, саат үчтөр чамасында куткаруучулар келген. Окуя болгон жерде куткаруу иштери башталып, учурда уланууда. Куткаруу чуңкурдун айланасында жаңы жер көчкүлөр болушу мүмкүн болгондугуна байланыштуу татаалдашып жатат. Андыктан, тартылган куткаруу кызматтарынын коопсуздугун камсыздоо боюнча чараларды көрүп жатабыз», — деп түшүндүрдү ал. 

Ал ошондой эле окуя болгон учурда автобуста төрт адам — Профессионалдуу Аскерлештирилген өзгөчө кырдаалдардан куткаруу кызматынын Республикалык борбордук штабынын Павлодардагы бөлүмүнүн кызматкерлери — үч куткаруучу жана айдоочу болгонун тактады.

«Учурда 1999-жылы жана 1970-жылы туулган эки куткаруучунун сөөгү табылды. Дагы эки адамды издөө иштери уланууда. Башка жабыркагандар жок. Окуянын себептерин Өнөр жай коопсуздугу комитетинин төрагалыгы алдында атайын түзүлгөн комиссия тактап жатат», — деди Павлодар облусунун акими.

4-январь күнү саат 01:25 чамасында Павлодар облусунун Баянауыл районунда «Майкаинзолото» ААКсынын аймагында, Майкаинский шахтасынын жанында төрт жүргүнчүсү бар автобус тазалоочу жайга түшүп кеткен. Эки адамдын жансыз денеси табылган. Учурда сөөктөрдү чыгаруу иштери жүрүп жатат.