Семейде полиция жер астындагы өтмөктөн «арбак кызды» кармады. Бул тууралуу Tengrinews.kz жазды.
Өткөн жекшембиде шаардын жер астындагы өтмөктөрүнүн биринде “арбак” кийимин кийген 22 жаштагы кыз өткөндөрдү бурчтан коркутуп жатса, анын шериги капталдан мунун баарын смартфонго тарткан.
Көптөгөн жарандарга пранкерлердин кылганы жакпай, социалдык тармактарда массалык түрдө полицияга арыздана башташкан. Милиция коомдук пикирди четке какпай, «арбак кызды» тапкан. «Ага карата «майда бейбаштык» боюнча кылмыш жасагандыгы үчүн материалдар чогултулуп, соттун чечими менен күнөөлүү деп табылып, административдик жоопкерчиликке тартылган. 69 миң тенге өлчөмүндө айып пул салынган», — деп билдиришти Абай райондук ички иштер башкармалыгынан.