Казакстанда иттер жоголо баштаган. Үрөй учурган видео жарыяланды

Алматы облусунун ыктыярчылары өз алдынча иликтөө жүргүзүп, Талгарда үй жана көчө иттери кайда жоголуп жатканын аныкташкан. Бул тууралуу алар видео жарыялашып, Tengrinews.kz кенен айтып берди. 

Ыктыярчылардын айтымында, Кендала айылында алар жүздөгөн иттердин башы менен ичегиси ыргытылган чуңкур табышкан. «Бардык иттердин башына сокку урулуп, терилери сыйрылып өлтүрүлгөн», — дешти ыктыярчылар.

Ыктыярчылар камера сатып алып, түнү менен чуңкур жайгашкан жерге орнотушкан. Кийинчерээк унаа камерага түшүп калган. Ал эми чуңкур табылгандан кийин бир канча убакыт өткөн соң бетондолгон. 

Видео жарыялангандан кийин соцтармак колдонуучулар көргөн нерсеге таң калышкан. Комментарийлерде алар азыркы кырдаалга нааразылыгын билдирип, бийликти күнөөлүүлөрдү жоопко тартууга чакырышты. «Эт каякка кетет, колбасагабы же фаршкабы? Өлтүрүү бар, жоопкерчилик жок, же бул жерде эт бизнеси барбы?» — деген билдирүүлөр жазылган.