Казакстанда жамгыр жаасын деп ырымын кылышты

Казакстандын Павлодар облусунда жамгыр жаасын деп ырымын кылышты. Ал жерде бир аптадан бери мээ кайнаткан ысык болуп жатат. Бул тууралуу КТК телеканалы сюжет даярдады.

Абанын температурасы 36 градуска чейин жетип, бул нормадан 11 градуска көптүк кылууда. Жамааттык намазга бүт облустун имамдары жана 500дөн ашуун тургун катышты.