Казакстанда Жеңиш күнү аскердик парад болбойт. Бул тууралуу Коргоо министрлигине таянуу менен аталган өлкөнүн басылмалары жазышты.
«2022-жылы Казакстандын Куралдуу күчтөрүнүн түзүлгөнүнө 30 жыл толгонуна жана 1941-1945-жылдардагы Ата мекендик согуштун Жеңиш күнүнө арналган аскердик парадды өткөрүү пландалган жок», — деп айтылат маалыматта.
Өткөн жылы өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу аскердик парад өткөн эмес.