Абай районунун Бестерек айылында Тойота айдап, өспүрүмдөрдү сүзүп кеткен жаран адамдарды тааныбай жатканын Tengrinews.kz Жетинчи каналга шилтеме берүү менен билдирди.
Маалым болгондой, 55 жаштагы айыл тургуну 20 жылдан ашык автобустун айдоочусу болуп иштеген. Окуя болгон күнү приступ кармап, андан улам рулду башкара албай калган.
Ал арада Уржар районунда жол кырсыгынан каза болгон үч өспүрүм жерге берилди. Бир үй-бүлөдөгү эже-сиңди Жарма районундагы Жыңгызтөбе айылында жерге берилди. Ал эми эки жашар Нурадилдин сөөгү Елтай айылында жерге берилди.
19-августта Абай районунун Бестерек айылында Тойота үлгүсүндөгү унааны айдап бара жаткан айдоочу жолдон 10 метр алыстыкта көчөдө турган балдарды сүзүп кеткен. Кесепетинен эки бала ошол жерден, бирөө медициналык мекемеге бара жаткан жолдо каза болгон. Дагы үч жашы жете элек бала түрдүү жаракаттар менен ооруканага жаткырылды.