Казакстанда жол кырсыктан каза болгон 8 адамдын сөөгүн жерге бере албай жатышат

Актөбө облусунда болгон каргашалуу жол кырсыкта каза болгондорду 6 күндөн бери жерге бере албай жатышат. Бул тууралуу Tengrinews.kz. жазды. 

Актөбө облусунун Кеңкияк айылынын тургундары 6-марттагы каргашалуу кырсыктан каза болгон жакындарынын сөөгү эмне үчүн ушул күнгө чейин берилбей жатканын билүүсүн талап кылышууда. Актөбө-Астрахань жолунда таксиде отурган сегиз киши күйүп кеткен. Алардын төртөө балдар, эң кичүүсү болгону 5 жашта болгон. Арадан бир жумадай убакыт өттү, жакындары дагы деле жакындарын жерге бере албай жатышат.

«Алты күндөн бери сөөктөрдү ала албай жатабыз. Бүт айыл күтүп жатат. Астанадан соттук-медициналык эксперт келерин күтүп жатабыз дешти. Бир эле эксперт барбы? 70 жаштагы апам баласынын сөөгүн күтүп жатат. Сөөктөрдү көмүү керек», — деди каза болгондордун туугандары.

«ДНК анализинин жыйынтыгын күтүп жатабыз. Ансыз сөөктөрдү таануу мүмкүн эмес. Эртең эртең менен экспертиза даяр болушу керек. Түштөн кийин каза болгондордун сөөгү туугандарына берилет деп үмүттөнөбүз», — деди Актөбө областтык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынын жетекчиси.