Казакстанда жыйын учурунда аткаминерди кармап кетишти (видео)

Шымкенттин акими Габит Сыздыкбековдун жетекчилиги астында акимчиликте өткөн жыйында чиновник кармалды. Бул тууралуу Tengrinews.kz  жазды. 

Жыйындын жүрүшүндө аким коррупция темасын көтөрүп, акимчиликтин бардык кызматкерлери чынчыл эмес экенин айтты.

«Акимчиликтин кызматкерлеринин арасында чынчыл адамдар көп, бирок коррупционерлер да бар. Канча жолу эскерттим… Кесиптештер, мени туура түшүнгүлө, башка аргам жок. Мен силерден 5 айдан бери суранып жатам», — деди аким.

Облус жетекчисинин сөзүнөн кийин шаардык коррупцияга каршы комитеттин башчысы айрым кызматкерлерге суроолору бар экенин билдирди.

Жыйынды коррупцияга каршы кызматтын кызматкерлери үзгүлтүккө учуратып, залга кирип, чиновниктердин бирин алып чыгышты. Ал Шымкент турак-жай башкармасынын начальнигинин милдетин аткаруучу болуп чыкты. Буга чейин чиновник шаардын сейсмикалык коопсуздугун камсыздоо үчүн бөлүнгөн 120 миллион теңгени уурдаган деп шектелип жаткан.