Abank july
SerepTV Logo

Казакстанда кайрымдуулук фонддун негиздөөчүсүнүн кармалышы. Оозду ачырган жагдайлар

Казакстанда кайрымдуулук фонддун негиздөөчүсүнүн кармалышы. Оозду ачырган жагдайлар
Казакстандын Финансылык мониторинг жүргүзүү агенттиги ыктыярчылар кыймылынын активисти, коомдук кайрымдуулук фондунун негиздөөчүсү Перизат Кайратка карата иликтөө иштерин жүргүзүп баштаган. Казак ЖМКларында жарыяланган маалыматтарды топтодук. Ал Казакстандагы жазгы селден жабыркаган жарандарга жардам берүү үчүн чогултулган 1,5 миллиард теңгеден ашык акчаны уурдаган деп шектелүүдө. «Кайрымдуулуктун негизги бөлүгүн Перизат Кайрат кымбат баалуу буюмдарды жана кыймылсыз мүлктөрдү сатып алууга жумшаган. Маселен, үстүбүздөгү жылдын жаз айларында автосалондордон 88 миллион теңгеге Mercedes-Benz S450, 80 миллион теңгеге Lexus LX-600 жана 39 миллион теңгеге Haval үлгүсүндөгү унааларды сатып алган. Ошол эле мезгилде ал Астанадагы Akbulak Riviera, Highvill Ishim Gold, Көк Жайлау турак жай комплекстеринен (анын ичинде унаа токтотуучу жайларды), ошондой эле Vela Village коттедждер шаарчасынан 600 миллион теңгеге кымбат баалуу кыймылсыз мүлктөрдү сатып алган», — деп айтылат AFM маалыматында. Ошондой эле Казакстандын кайрымдуу жарандарынын кайрымдуулугунун аркасында Перизат Кайрат бир нече жолу Дубай, Доха, Лондон жана Стамбулга эс алууга барып, беш жылдыздуу мейманканаларда жайгашканы айтылат. Ал ошондой эле барган жерлерден дүйнөлүк бренддеги фирмалардан зер буюдарды сатып алган. Ал кармалган.

Финансылык мониторинг жүргүзүү агенттиги Перизат Кайраттын мыйзамсыз иш-аракеттеринин дагы бир эпизоду аныкталганын билдирди. 

Маалыматка караганда, Перизат Кайрат Палестина элине гуманитардык жардам көрсөтүү үчүн чогултулган каражатты да уурдаган деп шектелүүдө. "Анын мыйзамсыз аракеттеринин дагы бир эпизоду ачыкка чыкты. 2023-жылдын ноябрь айында Перизат Кайрат Палестина элине гуманитардык жардам көрсөтүү үчүн акча чогултуу акциясын уюштурган. 2023-жылдын декабрь айында бул акчага Перизат элиталык Sensata Plaza комплексинен 49 миллион теңгеге үч бөлмөлүү батир жана 30 миллион теңгеге жаңы Mercedes-Benz EQE 500 4 Matic үлгүсүндөгү унаа сатып алган», — деп айтылат "Тенгринин" маалыматында. 

Ошондой эле каражаттын бир бөлүгү БАЭде Rolex, Prada жана Fendi бренд бутиктеринен зер буюмдарды, сааттарды жана кийимдерди сатып алууга жумшалганы кабарланды. «Бул эпизод боюнча Перизат К. 200 миллион теңгеден ашык акчаны уурдаган деп шектелүүдө», - деп кошумчалады агенттик. Ал арада анын сотто бөгөт чарасы каралып, 2 айга камакта калтырылды. 

2022-жылдын ноябрында социалдык тармактарда Астананын тургуну Асел Омарова колундагы баласы менен такси айдап баратканы тартылган видео тараган. Видео коомчулукта резонанс жаратып, жыйынтыгында аялга айып пул салынып, батирге күбөлүк берилген. Бирок аял убада кылынган үйдү алган эмес, деп билдирет Tengrinews.kz кабарчысы. Видео жарыяланган соң кайрымдуу адамдар 2 миллион теңгеден ашык акча чогултушкан. Перизат Кайраттын кайрымдуулук фондунун жетекчиси катары Асел менен байланышкан. Ал үйүнө барып, келинге сертификат тапшырып, батир берүүнү убада кылган. Бирок, арадан эки жыл өтсө дагы келин үй ала элек. 

Tengrinews.kz кабарчысы Асел Омарова менен байланышты. Маалым болгондой, ал балдары менен борбор калаанын түштүк-чыгышындагы жатаканада жашоону улантып жатат. Келиндиг айтымында, Перизат Кайрат ага телефон чалып, бир аз күтүп турууну суранган.

Мындан улам коомчулукта башка кайрымдуулук фондору кандай иштеп жатат деген суроо пайда болуп, баарын текшерүүнү суранып жатышат.

data-instgrm-version="14">
 
Посмотреть эту публикацию в Instagram
 

Публикация от TengriNews (@tengrinewskz)

data-instgrm-version="14">
 
Посмотреть эту публикацию в Instagram
 

Публикация от TengriNews (@tengrinewskz)

data-instgrm-version="14">
 
Посмотреть эту публикацию в Instagram
 

Публикация от TengriNews (@tengrinewskz)

data-instgrm-version="14">
 
Посмотреть эту публикацию в Instagram
 

Публикация от TengriNews (@tengrinewskz)

ОКШОШ КАБАРЛАР

«Күйөөм өзүнө кол салып, каза болду» деп милицияга кабар берген аялдын өзү шектүү катары кармалды

11:40 15.08.2026

Соцтармакта Таластагы мушташка президенттин өкүлү менен Курулуш министринин тиешеси бар экени айтылууда

08:37 24.08.2026

Касымалиев Ысык-Көлдө VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө даярдык көрүлүп жаткан бир катар объектилерди текшерди

15:24 15.08.2026

«Бишкет» деген жазуу түшүрүлгөн брендделген автобустар боюнча мэрия түшүндүрмө таратты

10:06 21.08.2026

Садыр Жапаров: "Ак кемени" 15 жылга ижарага бердик, айына 60 миң доллардан төлөп турат"

10:57 24.08.2026

Корумду чокусунда изделип жаткан үч альпинисттин сөөгү табылганы айтылууда

11:32 17.08.2026

Кыргыз Республикасынын улуттук курама командасынын VI ДКО спорттук формасы

16:02 24.08.2026

Төрага Маматалиев «Династия · Металл · Ат» аттуу китептин бет ачарына катышты

11:25 24.08.2026

ИИМ 30-31-августта коомдук транспортту пайдаланууну сунуштайт

11:00 24.08.2026