Казакстанда камактан качып чыккан шектүүнү кармагандагы видео

Алматы облусундагы убактылуу кармоочу жайдан качып кеткен жаран кармалды. Аны кармоо үчүн атайын “Сирена” планы киргизилген.

Шектүүнү Теренкара айылынын четинен байкашкан. Ал камыштын арасына жашынууга аракет кылган жеринен кармалган. 

26 жаштагы жаран чоң энеси менен бир үйдө жашаган жээнин зордуктаган деген шек менен кармалган. Ал 21-октябрда Талгардагы убактылуу кармоочу жайдан качып кеткен.

Эскертүү! Видеодо сөгүнгөн сөздөр бар.