Казакстанда кардан улам бейтапты чана менен сүйрөгөн дарыгерлердин видеосу

Кызылжар районунун Бескөл айылында кар күрткүсүнөн улам Тез жардам кызматынын дарыгерлери бейтапка жетүү үчүн жөө барышкан. Ал эми бейтаптын инсульт болгонун билип, алар аны чана менен унаага чейин дээрлик 400 метр аралыкка сүйрөп барышкан. Бул тууралуу Tengrinews.kz жазды. 

Маалыматка караганда, 56 жаштагы жаранга чакыруу эртең менен саат 7:20да түшкөн. Бир күн мурун жааган кардан улам Тез жардам унаасы бейтапка жете албай калган. Ошондуктан дарыгерлер кар баскан жолду 400 метрдей басып өтүүгө аргасыз болушкан. 

Текшерүүдөн кийин бейтапта инсульттун белгилери байкалган, ага жардам көрсөтүлгөн, бирок аны үйдөн Тез жардам унаасына жеткирүү кыйынга турган. Фельдшерлер Айдар Омаров менен Амир Широжеев бейтапты чана менен алып барууну чечишкен. Айдоочу Руслан Акомбаев менен биргелешкен аракеттердин натыйжасында бейтап тез арада ооруканага жаткырылган.