Казакстанда кардан улам поезд жүрбөй калгандагы видео тарады

Казакстандын Актөбө облусунда кардан улам жүрбөй калган поезддин видеосу тарады. 

Tengrinews.kz сайтына билдиришкендей, узундугу 10 чакырымды түзгөн бул темир жол тилкеси жеке компанияга таандык. «Узундугу 10 чакырымды түзгөн бул темир жол тилкеси «Береке-Бизнес» жеке ишканасына тиешелүү. Темир жол ишканасы бул жолдорду тазалоого жана тейлөөгө жооптуу эмес. Маалыматка караганда, жол тазаланып, поезд 30 мүнөттөн кийин жөнөп кетти», — деп билдирди Темир жол ишканасынан.