Казакстанда карга байланыштуу жолдор жабылып, окуу онлайнга өттү (сүрөт)

Казакстанда бүгүн, 16-февралда аба ырайынын начарлашына байланыштуу 16 аймактагы республикалык маанидеги унаа жолдордун 100 тилкесинде кыймылга чектөө киргизилди. Бул тууралуу «КазАвтоЖол» агенттиги жазды.

Кардын түнгө чейин созулары болжолдонууда. Андан кийин катуу суук болору да айтылды. Ошондой эле Астана, Кокшетау, Костанай, Петропавловск, Актобе, Караганда, Кызылорда, Павлодар, Экибастуздагы мектептеги айрым класстагы окуучулары аралыктан окууга жөнөтүлгөн.