Казакстанда каржы пирамидасына акчасын берген аял өзүнө өрт койду (видео)

Нур-Султанда «Mudarabah Capital» каржы пирамидасына акча салган Багила Досмаилова борбор калаадагы Ички иштер министрлигинин имаратынын алдына нааразычылыгын билдирип, өзүнө өрт койду. Ал кылмыш иши жакында жабыларын жарыялап, анын өлүмүнө Алматы полициясынын башчысынын орун басары Рустам Абдрахмановду айыптады.

Видео соцтармактарга кечээ, 11-апрелде тараган. Маалыматтарга караганда, аял каржы пирамидасына 20 миллион теңгесин берген. Досмаилова бул ишке шектүү делген вайнерлер Мейржан Туребаев менен Мейирхан Шерниязовду жоопко тартууну талап кылды. Алар 3 миллион теңге күрөө менен бошотулган. Ал ошондой эле социалдык тармактагы баракчасында анын өлүмүнө Рустам Абдрахмановду күнөөлөөнү суранган.