Казакстанда каршы тилкеге чыккан автобус 10 унааны сүздү (видео)

Тараз шаарында жол кырсыгы катталды. Автобус каршы тилкеге ​​чыгып, он жеңил унааны сүзгөн. Бул тууралуу казакстандык басылмалар жергиликтүү бийликке шилтеме берүү менен жазып чыгышты.

Кырсык 4-январь күнү саат 10:45те болгон. Жол кырсык болгон учурда автобуста 10 жүргүнчү болгон. Алардын бири 56 жаштагы аял алган жаракаттары менен ооруканага жаткырылган. Автобустун айдоочусуна карата сотко чейинки тергөө иштери башталды.