Казакстанда картошканын баасы көтөрүлдү

Кечээ, 19-январда Казакстандын маалымат каражаттары аймактарда картошканын баасы кыйла кымбаттаганын, айрым шаарларда эки эсе кымбаттаганын жазып чыгышты.

Tengrinews январдын башында Актөбөдө картошканын килограммы 200 теңге (32 сом) болсо, азыр дээрлик 400 теңгеге жеткенин жазды. Соодагерлер да бааны эки эсеге кымбаттатып, муну аларга келген товар кымбат болуп жатканы менен түшүндүрүшүүдө. 

«Кийинки жолу бизге картошка кандай баада келерин билбейбиз. Мисалы, бүгүн мен килограммын 360 теңгеден алдым – бул дүң баасы. Мен 20 эле пайыз кошом. Демек, бул Караганда картошкасын 420 теңгеден сатам дегенди билдирет. Жергиликтүүсү да бар, бирок 15 теңге гана арзан болгону менен начар болуп жатат», — дейт соодагер. 

Эң кымбат картошка Астанада сатылып жатат, анын 1 килограммы 455 теңгеге (72 сом) жетет. 

Өкмөттүн басма сөз кызматы муну коңшу өлкөлөрдөн, тактап айтканда Өзбекстандан суроо-талаптын күчөшү менен түшүндүрдү. Картошканын экспорттук баасы да бир жарым эсеге кымбаттады. Буга байланыштуу өкмөт жарым жылга картошканы үчүнчү өлкөлөргө экспорттоого чектөө киргизди.