Казакстанда кейиштүү шартта жашаган «маугли» балдар табылды (сүрөт)

Алматыда батирлердин биринен «маугли» балдар табылды. Tengrinews.kz маалымдагандай, үч бала бир нече жылдан бери Алматынын Медеу районунда апасы менен жашап, бирок ата-энесинин кароосу жана көзөмөлү жок калган.

Документтерге ылайык, 2016-жылы эки бала, 2020-жылы алардын иниси төрөлгөн. Кошунасы айткандай, балдар кейиштүү абалда жашап келишкен. Алар жашаган батирде таштанды жана адамдын заңы толуп калган. Ошондой эле кошунасынын айтымында, кичүү баланын кийими да жок болгон.

Ошол эле учурда балдардын эң кичүүсү аутизм менен жабыркашы мүмкүн. «Бала абдан арык, эгер бир нерсе болуп калса, башы менен дубал сүзөт», — дейт кошуна аял. 

Бир нече күн мурун үч бала тең Алматыдагы оор кырдаалдагы балдарды колдоо борборуна жеткирилген. Ал жердеги кызматкерлер балдардын апасы ичкиликке берилип кеткенин, ал эми атасы чогуу жашабай турганын билдиришкен.