Казакстанда келин 2 баласы менен 9-кабаттан боюн таштоого аракет кылды

Астанада балалуу аял көп кабаттуу үйдөн секирүүгө аракет кылган. Каргашалуу окуяны милиция алдын алды. Бул тууралуу Tengrinews.kz билдирди.

Кайгуулчулар эки баласы бар аял 9-кабаттын терезесинен секирүүгө аракет кылып жатат деген билдирүүдөн кийин жерине барган. Полиция кызматкерлери улуу баласы атасынын колунда экенин, кичүү 2 баласы менен аял кыйкырып жатканын билишкен. Укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин бири аялды сүйлөшүү менен алаксытууга аракет кылса, экинчиси жарандык кийимин кийип, батирге кирип, артынан акырын келип, бир колу менен баланын колунан кармап, экинчи колу менен аялды кармап, бөлмөгө сүйрөп кирген.

Кийинчерээк белгилүү болгондой, 24 жаштагы келин үй-бүлөлүк чырдан кийин секирүүнү чечкен. Анын жолдошуна карата Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодексинин 73-беренеси «үй-бүлөдөгү мыйзамсыз аракеттер” боюнча административдик протокол түзүлдү. Үй-бүлө өзгөчө көзөмөлгө алынган. Астана шаарындагы кризистик борборго балалуу аял жаткырылган. Аны менен профилактикалык баарлашуу жүргүзүлүп, психологиялык жардам көрсөтүлгөн.