Казакстанда кене чаккан өспүрүм каза болду

Казакстандын Түркстан облусунда 15 жаштагы өспүрүм кене чагып каза болду. Бул тууралуу «Хабар 24» жазды.

Маалымат жыйында санитардык дарыгерлер Сауран аймагынын тургуну жугуштуу кене чаккандыктан медициналык жардамга кайрылбаганын айтышты. Азыр 48 бейтап ооруга шектелип, 9 бейтапта бул диагноз тастыкталган. Оорулуулар менен байланышта болгондордун баары дарыгерлердин көзөмөлүнө алынган.