Казакстанда кичинекей кыз унаа жолго чыгып кеткен. Полиция ата-энесин издеп жатат

Казакстандын Актөбө шаарындагы Некрасов көчөсүндө кичинекей кыздын жолго жалгыз чыгып баратканы видеого түшүп калган. Болжолдуу 3 жаштагы кызды айдоочулар сактап калышкан. 

Бактыга жараша кыз эч кандай жаракат алган эмес. Полиция кыздын ата-энесин издеп жатканын билдиришти.