Казакстанда киши 2 жыл мурда табышмактуу жагдайда жоголуп кеткен. Аны 7 баласы азыркыга чейин күтөт

Эки жыл мурун табышмактуу түрдө жоголгон Караганды облусунун Доскей айылынын тургуну Өмүрсерик Алимкуловду издөө иши «киши өлтүрүү» деген беренеге өзгөртүлдү. Бул тууралуу Tengrinews.kz жазды.

2021-жылдын сентябрында ал табышмактуу жагдайда жоголуп кеткен. Өмүрсерик Алимкулов Нурин районуна унаа менен кетип, туугандары менен дагы байланышпай калган. Ушул жылдар бою дайынсыз жоголгон адамды жубайы жана жети баласы күтүп келет. 

Өмүрсерик Алимкулов жоголгондон бери жубайы Алмагүлдүн жана балдарынын жашоосу кескин өзгөрдү. Үй-бүлө Доскейден Балхашка көчүп барышкан. Жубайлар күткөн жетинчи бала төрөлгөн. «Сентябрда ансыз жашап жатканыбызга эки жыл болот. Бирок бир мүнөткө да унуткан жокпуз, ал ар дайым биздин оюбузда, жүрөгүбүздө. Ишиме байланыштуу Балхашка көчүүгө аргасыз болдук. Бизге бул жерден убактылуу турак-жай берилди. Улуу кызым атасыз мектепти бүттү. Биз анын келерине ишенебиз», — деди жубайы. Аял бул убакыт аралыгында бир нече жолу ар кандай төлгөчүлөргө кайрылганын айтты. Баары бир ооздон ал кишинин тирүү экенин айтышат.

2021-жылдын 3-сентябрында Өмүрсерик Алимкулов өзүнүн Мерседес Бенц үлгүсүндөгү унаасы менен Нурин районуна кетип, дайынсыз жоголгон. Кийинчерээк милиция кызматкерлери анын унаасын талаадан табышкан. Туугандары ал жолдон Караганда облусунун Каражал шаарына токтогонун билдиришкен. Ошол жерден акыркы телефон чалуу болгон. Ал тааныштарына чалып, аларга унаа менен барарын айткан. Бирок аларга барган эмес. Ошондон бери анын телефону өчүк.