Карагандада колу-буту жок адам 10 жылдан ашык эмгек кулчулугунда болгон. Аны сабап, тилемчиликке мажбурлап, кичинекей кызы менен коркутуп келишкен. Бул тууралуу Tengrinews.kz жазды.
Тергөөнүн версиясы боюнча, 41 жаштагы киши жалгыз эмес, чогуу жашаган аял менен бирге эмгек кулчулугунда жүргөн. Аял «кожоюндун» буйругу менен күйөөсүн шаардын борборундагы аялдамага алып барып, кечке отуруп, садага чогулткан. Маалым болгондой, ага күнүнө 20 миңден 40 миң теңгеге чейин берип келген.
Тергөөнүн маалыматы боюнча, аны сабап эле тим болбостон, спирт ичимдиктерин да берип жүрүшкөн. Ал эми 2020-жылдан бери чогуу жашап келген аялы төрөп берген кызы менен шантаж кылып келишкен. Кишинин «ээси» анын кызын алып, чоңойтууга өзүнүн эжесине берген. Наристе 4 жашка чейин анын эжеси менен бирге чоңойгон. Иш боюнча соттук отурум уланып жатат.