Көп балалуу аялдардын тишин бекер дарылоо сунушталды

Казакстандын Мажилисинин депутаты Эрлан Саиров өз кайрылуусунда көп балалуу аялдардын тишин дарылоого акча бөлүүнү сунуштады.

Анын айтымында, Казакстан үчүн татыктуу жана адилеттүү энелик капиталды түзүүгө мезгил жетти. Ал кошумчалагандай, аял кош бойлуу кезде кальцийди көп жоготуп, тиштеринин абалына терс таасирин тийгизет.

«Көп балалуу эне болгон 543 миң аялдын бардыгында чоң көйгөйү – тиштери. Казакстандагы тиш дарылоонун баасын баарыбыз жакшы билебиз. Ошондуктан биринчи кезекте көп балалуу аялдардын тишин дарылоо үчүн бир жолку каржылык төлөмдү түзүшү керек», — деди депутат.

Ал аялдардын төрөгөндөн кийин алып жаткан учурдагы төлөмүн жетишсиз деп эсептейт.