Казакстанда көп балалуу үй-бүлөнүн үйүндө өрт чыгып, наристе жан берди

Павлодар облусунда эки жашар кыз өрттөн каза болду. Дагы бир бала күйүк алды. Бул тууралуу Tengrinews.kz жазды.

Каргашалуу окуя 9-августта Павлодар районунун Береговое айылында болуп, көп балалуу үй-бүлөнүн үйү өрттөнгөн. Өрт 80 чарчы метр аянтты каптаган. 

«Өрттөн 2019-жылы туулган бала жабыркап, 1-2-даражадагы күйүк алган. 2021-жылы туулган дагы бир наристе каза болду», — деп билдирди облустун Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын басма сөз кызматы.

Окуя болгон маалда апасы эшикте болгон. 4 жашар баланы ата-энеси аман алып калышкан. Жалын үйдү толугу менен жалмап кеткен. Сегизинчи баласын күтүп жаткан көп балалуу үй-бүлө турак-жайсыз калды.