Казакстанда көп кабаттуу үйдүн терезесинен кулаган бала аман калды

Казакстандагы Атырауда 6 жаштагы бала 3-кабаттын терезесинен кулап түштү. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти. 

Атырау облустук саламаттыкты сактоо башкармалыгынан билдиришкендей, жабыркаган бала шаардык балдар ооруканасына жеткирилип, ага операция жасалган. Учурда анын абалы туруктуу жана травматология бөлүмүндө реабилитациядан өтүп жатат.

«29-июль күнү 3-кабаттан кулап түшкөн 6 жаштагы баланын бутуна операция жасалды. Учурда анын абалы туруктуу», — деп айтылат маалыматта.