Казакстанда көп кабаттуу үйдөн өтүп бара жаткан адамга эмерек ыргытылган. Анын колу-буту кыймылдабай калды

Актауда жолдон өтүп бара жаткан адамга көп кабаттуу үйдүн терезесинен эмерек ыргытылган. Омурткасы сынган эркек киши Мангыстау облустук ооруканасына жаткырылды. Бул тууралуу Tengrinews.kz жазды. 

Жабырлануучунун жакындарынын айтымында, окуя 12-январь күнү саат 13:00дө 11-кичирайондогу 41-үйдүн жанында болгон. Жашоочулар 6-кабаттагы батирден эмеректерди ыргытып, 39 жаштагы адамдын үстүнө түшкөн. Аны эс-учун жоготкон абалда Тез жардам кызматы алып кеткен.

«Эмерек ыргытылган үйдө көп балалуу үй-бүлө жашайт. Окуя болгон учурда терезеден 12-13 жаштагы өспүрүм көрүнгөн. Ата-энеси үйдө жок болчу. Күбөлөрдү издеп жатабыз», — деди жабырлануучунун бир тууган агасы Аман.

Азыр жабырлануучу ооруканада. Туугандарынын айтымында, моюн омурткалары сынган, колу-буту кыймылдабай жатат. Участкалык милицияга маалым болгондой, эмеректер 6-кабаттан ыргытылган.