Казакстанда коронавируска каршы эмдөөдөн өтпөгөн кызматкерлердин жумушка келүүсүнө тыюу салынды

Казакстанда коронавируска каршы эмдөөдөн өтпөгөн кызматкерлер жумушка келе алышбайт. Бул тууралуу Казакстандын башкы санитардык дарыгери Ерлан Киясов билдирди.

Тыюу салуу эмдөөгө каршы көрсөтмөлөрү бар адамдар менен соңку үч айда COVID-19 менен ооруган адамдарга тиешелүү эмес.

Токтомго ылайык, кызмат көрсөтүү (чач тарач, күрөөкана, реклама агенттиги, акча алмаштыруу жайлары ж.б.), дүң жана жана чекене соода кылган, маданият жана эс алуу (музей, китепкана, театр ж.б.), тамактануу жайларынын ж.б. тармактын (дээрлик бардык тармактын) кызматкерлерине эмдөөдөн өтпөсө жумушка келүүгө тыюу салынат.