Казакстанда көз жарган 12 жаштагы кыз кандай шартта жашаган? (сүрөт)
Казакстандын Павлодар облусунда көз жарган 12 жаштагы окуучу кыздын жашоосунун чоо-жайы белгилүү болду. Бул тууралуу "Тенгри" жазды.
Маалыматка караганда, кыз кош бойлуу экенин ата-энесинен жашырган. Анын боюнда бар экенин биринчилерден болуп мугалимдер байкашкан. Кылмыш иш козголгондо мектеп директору кызматтан кетип, облустук билим берүү башкармалыгынын башчысы сөгүш алган.
data-instgrm-version="14">
Зордуктоого шектелип кыздын 17 жаштагы тууганы кармалган. "Бул үй-бүлө 2019-жылы Монголиядан 2 баласы менен көчүп келген. Казакстанда дагы 3 бала төрөгөн. Кыздын апасы окуй да, жаза да албайт. Ал документтерге кол коюу үчүн колдонгон аты-жөнүн гана жаза алат. Үй-бүлө башчысы 6-классты аяктаган жана эч кандай адистиги жок. Ал мектепте от жаккыч болуп иштеген, бирок азыр жумушсуз. Кыздын ата-энеси сексуалдык зомбулук тууралуу билген эмес. Алардын айтымында, шектүүнүн үй-бүлөсү менен тууганчылык мамилеси токтогон",- деп айтылат маалыматта.
Посмотреть эту публикацию в Instagram