Казакстанда көз жарган 12 жаштагы кыз кандай шартта жашаган? (сүрөт)

Казакстандын Павлодар облусунда көз жарган 12 жаштагы окуучу кыздын жашоосунун чоо-жайы белгилүү болду. Бул тууралуу «Тенгри» жазды.

Маалыматка караганда, кыз кош бойлуу экенин ата-энесинен жашырган. Анын боюнда бар экенин биринчилерден болуп мугалимдер байкашкан. Кылмыш иш козголгондо мектеп директору кызматтан кетип, облустук билим берүү башкармалыгынын башчысы сөгүш алган.

Зордуктоого шектелип кыздын 17 жаштагы тууганы кармалган. «Бул үй-бүлө 2019-жылы Монголиядан 2 баласы менен көчүп келген. Казакстанда дагы 3 бала төрөгөн. Кыздын апасы окуй да, жаза да албайт. Ал документтерге кол коюу үчүн колдонгон аты-жөнүн гана жаза алат. Үй-бүлө башчысы 6-классты аяктаган жана эч кандай адистиги жок. Ал мектепте от жаккыч болуп иштеген, бирок азыр жумушсуз. Кыздын ата-энеси сексуалдык зомбулук тууралуу билген эмес. Алардын айтымында, шектүүнүн үй-бүлөсү менен тууганчылык мамилеси токтогон»,— деп айтылат маалыматта.