Казакстанда кулаган учак боюнча кылмыш иши козголду

Актауда Azerbaijan Airlines учагынын кыйрашына байланыштуу кылмыш иши козголгонун Tengrinews.kz жазды. 

«Транспорттук каражатты эксплуатациялоодо коопсуздук эрежелерин бузуу, байкабастыктан эки же андан көп адамдын өлүмүнө алып келүү» беренеси боюнча сотко чейинки териштирүү иштери башталды», — деп айтылат маалыматта.

Казакстандын Актау шаарында Баку — Грозный каттамындагы учак кулаган. Казакстандын ЖМКлары Транспорт министрлигине таянып, учакта кыргызстандын 3 жараны бар экенин жазып жатышат. Кулаган учак топ куштарга урунганы айтылууда. Азырынча кырсыктын кесепетинен 25 адам аман калганы айтылып жатат.