Актауда кулаган учак кырсыгынан аман калгандардын саны 25ке жетти. Бул тууралуу казакстандык TengriNews басылмасы жазды.
Аман калгандардын арасында 3 бала бар. Жаракат алып, аман калгандарды Мангистау облустук ооруканасына жеткирилгенин жазып жатышат.
Бүгүн, 25-декабарда Казакстандын Актау шаарында Бакудан Грозныйга учуп бараткан учак кулаган. Azerbaijan Airlines авиа компаниясынын Embraer 190 учагында 72 адам болгон. Анын ичинде 5и борт кызматкери, калган 67си жүргүнчүлөр.











