Казакстанда кумар оюндарын ойноп, карызга батып калган жигит бөйрөгүн сатмак болгон

Казакстандын Акмола облусунда полиция адамдын органын сатууну алдын алды. Бул тууралуу Tengrinews.kz жазды. 

Казак жигит өз бөйрөгүн 18 миң долларга баалап, интернет аркылуу сатып алуучуга сатууга аракет кылган. Ал киши соцтармактын колдонуучуларына өзүнүн органын сунуштаган, ал эми операциясына байланыштуу бардык иш-чаралар реципиент тарабынан уюштурулушу керек экенин билдирген. 

«Акмола облустук ички иштер башкармалыгынын уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери социалдык тармактагы адаттан тыш билдирүүгө жооп кайтарып, донор менен байланышка чыгышкан. Бир нече жума бою милиция кызматкерлери тарабынан атайын ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүп, жыйынтыгында трансплантацияны жүргүзүү жана төлөм жүргүзүү боюнча келишим түзүлгөн. Кызматкерлер кылмышка шектүүнү акча каражатын берип жаткан жеринен кармашты», — деп билдиришти милициядан.

Алгачкы иликтөө иш-чараларынын алкагында полиция жаран Актөбө шаарынын тургуну экенин, бирок борбор калаада жашаганын аныктаган. Айыпталуучунун өзү мындай айласыз кадамга кумар оюндарына болгон көз карандылыктан улам чогулган көптөгөн карыздардан улам барганын түшүндүрүүдө. Бул факты боюнча сотко чейинки иликтөө иштери жүрүп жатат.