Казакстанда кумар оюндарынан улам карызга батып, бөйрөгүн сатмак болгон жигит кандай жаза алды?

Казакстандын Акмола облусунда полиция адамдын органын сатууну алдын алган. Казак жигит өз бөйрөгүн 18 миң долларга баалап, интернет аркылуу сатып алуучуга сатууга аракет кылган. Ал киши соцтармактын колдонуучуларына өзүнүн органын сунуштаган, ал эми операциясына байланыштуу бардык иш-чаралар реципиент тарабынан уюштурулушу керек экенин билдирген. 

Алгачкы иликтөө иш-чараларынын алкагында полиция жаран Актөбө шаарынын тургуну экенин, бирок борбор калаада жашаганын аныктаган. Айыпталуучунун өзү мындай айласыз кадамга кумар оюндарына болгон көз карандылыктан улам чогулган көптөгөн карыздардан улам барганын түшүндүргөн.

Көкшетау шаардык сотунан билдиришкендей, жигитке сот өкүмү чыккан. Ошондой эле алар соттолуучу күнөөсүн мойнуна алганын билдиришти. «Сот аны 1 жыл 6 айга шарттуу түрдө эркинен ажыратты. Соттолгон адам пробациялык көзөмөлгө алынды», — деп билдирет соттун басма сөз кызматы.