Баасы 149 сом. Казакстанда кумшекер тартыштыгы күчөдү

Казакстанда кумшекер тартыштыгы күч алды. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазышууда.

Учурда Казакстандын ар кайсы аймагында кумшекер дүкөндөрдө, соода түйүндөрүндө тартыш болуп, баасы 800 тенгеден (149 сомдун тегереги) ашып кеткендиги айтылат. Кумшекердин кымбатташы кондитердик азыктардын, жадакалса шугаринг жасаган сулуулук салондорунда баалардын жогорулашына таасир берүүдө. Кумшекер тартыш делген Нур-Султан шаарынын акимчилигинен «Кумшекер супермаркеттерде 400 тенгеден турат. Бирок чектөө бар, бир адамга 5 килограммдан ашык сатылбайт» деп билдиришкен. «Орусия 31-августка чейин чек араны жаап койгондуктан, биздин кумшекер чыгарган заводдорго аябай күч келип жатат. Шаарда 30-40 пайыздык запас бар. Ал дагы толукталып турат» деп ишендирүүдө бийлик өкүлдөрү.

Май айынын башында Казакстан кумшекерди жарым жыл сыртка чыгарууга тыюу салган болчу.