Алматынын Медеу районунда жумушчулардын куурап калган газондогу чөптү жашыл түскө боёп жатканын байкашкан. Март айында Krisp_almaty коомчулугу чөптү эле эмес, жерди да жашыл боёк менен боёп жаткан видео жарыялаган. Ошондо шаар бийлиги бул боёк эмес, гидросебүү деп түшүндүрүшкөн.
«Быйыл жайдын кургакчыл болушун эске алып, Медеу районундагы газондун эстетикалык көрүнүшүн сактоо үчүн курамында жер семирткичтер бар атайын продукт колдонулууда. Продукт органикалык пигменттердин негизинде жасалган, уулуу заттарды камтыбайт жана адамдар жана жаныбарлар үчүн коопсуз. Продукт сертификациядан өткөн жана климаты ысык болгон АКШ, БАЭ, Испания жана Түштүк Корея сыяктуу өлкөлөрдө кеңири колдонулат, бул жерде жашылдандыруу аба ырайына байланыштуу ушундай кыйынчылыктарга туш келет», — деп түшүндүрүштү Медеу районунун акимиаты.