Казакстанда кыйраган учакка ракета себеп болгонун жазып жатышат

Азербайджан өкмөтүндөгү булак Euronews телеканалына билдиргендей, жабыркаган учакка Орусиянын аэропортторуна конууга уруксат берилген эмес жана учактын кыйрашына ракета себеп болгон. Бул тууралуу Tengrinews.kz жазды.

«Алдын ала тергөө маалыматтары Актаудагы трагедияга Грозныйдын үстүндөгү Орус ракетасы себеп болгонун тастыктады»,— деп жазат Euronews.

Euronews телеканалынын Азербайжан өкмөтүндөгү булактарына таянуу менен билдиргенине караганда, трагедияга «Азербайжан аба жолдорунун» учагына тийген жер-аба ракетасы себеп болгон. «Окуя шаршемби күнү учак Грозныйдын аймагынын үстүнөн учуп баратканда болгон. Ракета учактын жанында жарылып, жүргүнчүлөр менен экипаждын өлүмүнө алып келгени айтылууда. Ошондой эле жабыркаган учакка учкучтардын шашылыш конуу өтүнүчүнө карабай, Орусиянын аэропортторуна конууга уруксат берилбей, Каспий деңизи аркылуу Казакстандын Актау шаарына учууга буйрук берилген»,- деп айтылат маалыматта.

Окуянын расмий себеби азырынча айтыла элек. Маалымат каражаттарында учактын кыймылдаткычына куштар тийгени, ошондой эле салондогу кычкылтек баллонун жарылуусу сыяктуу ар кандай божомолдор айтылууда. Кара куту ошол эле күнү кечинде табылган, эми эксперттер анын маалыматтарын чечмелеп бериши керек болот.