Актауда кыйраган «Азербайжан аба жолдору» авиакомпаниясынын учагынын эки курмандыгы Азербайжанда жерге берилди. Бул тууралуу Report басылмасы жазды.
Балакен районунун 1998-жылы туулган тургуну Рамазан Нерман оглу Филиевтин сөөгү Балакен районунун Шариф айылындагы көрүстөнгө коюлду. Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнатына Филиевдин жакындары, райондун жетекчилиги, укук коргоо органдарынын кызматкерлери катышты. Филиевдин артында жубайы менен 10 айлык баласы калды.
Басылманын маалыматы боюнча, Актауга жакын жерде кулаган учактын жүргүнчүлөрүнүн арасында 15 адам Балакен районунун тургундары, алардын 10у каза болгон.
1997-жылы туулган Гошгар Фиридун оглу Садыговдун сөөгү Жалилабад облусундагы үй-бүлөсүнө өткөрүп берилди. Коштошуу аземинен кийин маркум Мирзали айылында жерге берилди. Садыгов Грозныйда иштечү.