Казакстанда кыз ала качкандардын жазасын күчөтүү каралып жатат

Казакстанда кыз ала качуу үчүн жоопкерчиликти күчөтүүнү пландап жатат. Бул тууралуу Tengrinews.kz Казакстандагы адам укуктары боюнча комиссардын басма сөз кызматына шилтеме берүү менен жазды.

Белгиленгендей, үй-бүлөлүк зомбулуктун негизги себептери болуп социалдык-экономикалык факторлор жана коомдо орун алган гендердик стереотиптер саналат. Күйөөгө мажбурланган кыздар кийинчерээк зордук-зомбулукка кабылышат. Мажбурлап никеге туруу көбүнчө кыздарды билим алуу жана кесипке ээ болуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратат, бул алардын көз каранды жана аялуу абалын ого бетер курчутат.

«Кыздарды никеге туруу максатында ала качуу биздин өлкөдө, өзгөчө түштүк аймактарда дагы эле кеңири тараган көрүнүш. Кээ бир учурларда мындай аракеттер сексуалдык кол тийбестикти бузууга, кемсинтүүгө, ал тургай өзүн-өзү өлтүрүүгө да алып келет», — деп айтылат маалыматта.

«Учурда Акыйкатчы институту тарабынан кылмыш-жаза мыйзамдарына бир катар өзгөртүүлөрдү киргизүү, тактап айтканда, өзүнчө берене киргизүү каралып жатат. Анда жабырлануучу бошотулган учурда да ала качкан жаран жоопкерчилик тартат», — деп белгиледи басма сөз кызматы.