Казакстанда лезгинканы «тыткан» 2 жаштагы бала интернетти «жарып» жатат

Усть-Каменогорск шаарында эки жаштагы бала кавказ элинин лезгинка бийин аткаруу менен интернетти багындырып жатат. Бул тууралуу Tengri Life жазды.

Баланын лезгинка бийлеп жаткан видеосу социалдык тармактарда 3,2 миллион көрүүгө жана миңдеген комментарийлерге ээ болгон. Маалым болгондой, баланын аты Амре. Болгону 2,5 жашта, ал бир жарым жашынан бери лезгинка бийлейт.

Ал дарыгерлердин – стоматолог жана кардиологдун үй-бүлөсүндө төрөлгөн жана алар Усть-Каменогорск шаарында жашашат. Амренин атасы Талгаттын айтымында, ал тойдо лезгинка бийлеп баштаганда уулу аны туурап бийлеген. Ата-энеси баласын колдоорун, бийди өздөштүрүшүнө жардам беришерин билдиришти.

@amre_talgatuly♬ оригинальный звук — Амре