Казакстанда Маданият үйүнүн жетекчиси каньонго жазуу калтырып кеткен

Актөбө шаарынын акими видеодогу Мангыстау облусундагы Ыбыкты-Сай каньонунда жазуу калтырган адам Маданият үйүнүн директору экенин расмий тааныды. Бул тууралуу Tengrinews.kz жазды.

«Чын эле бул адам Казак азиздер коомунун шаардык Маданият үйүнүн директору. Ал өткөн жылдын октябрь айынан бери иштеп келет. Буга чейин тартиптик жазага тартылган эмес. Август айынан эмгек өргүүсүндө», — деп билдиришти. 

Маданият үйүнүн директору менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүшмөкчү, ошондой эле кызматтык териштирүүнүн жыйынтыгы менен ага карата колдонуудагы тартиптик жаза колдонулмакчы. Маданият бөлүмүнөн белгиленгендей, ал иштен бошотулушу күмөн, анткени дисциплинардык жазага эскертүү, сөгүш же катуу сөгүш кирет.