Казакстанда мас абалында унаа башкарган баш имам кызматтан алынды

Казакстандын Костанай облусунун баш имамы Бахытбек Тажимбет мас абалында унаа башкарып бара жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Казакстан мусулмандарынын дин башкармалыгы билдирүү таратты.

Буга чейин ЖМКларда Костанай облусунун баш имамы мас абалында унаа айдап кармалганы тууралуу маалымат чыккан. Маалыматта ал 23-июль күнү түндө түнкү клубдун жанынан кармалганы айтылган. Соттук отурумда ал кымыз ичкенин айткан. 

«Бахытбек Тажимбет Казакстандын Кылмыш-жаза кодексинин 608-беренесинин 1-бөлүгү менен күнөөлүү деп табылып, 15 суткага эркинен ажыратылып, жети жылга айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратылды», — деп айтылат Бурабай райондук сотунун чечиминде.

Казакстан мусулмандарынын дин башкармалыгы Тажимбетти ээлеген кызматынан бошотконун кабарлады. Казакстан мусулмандарынын дин башкармалыгы өлкөнүн мусулман коомчулугунан кечирим сураган.