Казакстанда машыгуу учурунда учак кулап, эки адам каза болду

Казакстандын Караганда облусунда 30-сентябрда саат 08:44тө UPLA286 учагы кулап түшкөнүн Казакстандын Жарандык авиация комитети билдирди.

Учак абага көтөрүлгөндөн кийин байланышка чыкпай калган. Издөө учурунда талкаланган учак жана эки адамдын жансыз денеси табылган. Бул факты боюнча Транспорт министрлигинин Кырсыктарды иликтөө башкармалыгы иликтөө иштерин баштады.

Маалыматка караганда, учак командири (учкуч-инструктор) жана аскер институтунун курсанты каза болгон.