Казакстанда 2024-жылдын 1-октябрынан бери курч респиратордук вирустук инфекция болгон метапневмовирустун 30 учуру аныкталды. Бул тууралуу 5-январда өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.
«Метапневмовирус — көптөгөн өлкөлөрдө ондогон жылдардан бери таралып келе жаткан классикалык вирустардын бири», — деп айтылат департаменттин билдирүүсүндө.
Саламаттыкты сактоо министрлиги метапневмовирус аба аркылуу жана сейрек учурларда байланыш аркылуу жугарын билдирди.