Казакстанда ММА мушкеринин жансыз денеси таштандыдан табылды. Жаңы жагдайлар

Актауда мурдагы ММА мушкери Вусал Жафаровдун сөөгү табылгандан кийин Мангистау облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы иштин айрым чоо-жайын ачыктады. Бул тууралуу Tengrinews.kz жазды. 

Маалыматка караганда, жансыз дене 20-сентябрда 22:30 чамасында табылган.

«Окуя болгон жерди текшерүү учурунда маркумдун жанынан шприц, байпагынан баштыктагы зат табылган. Маркумдун мурда да каракчылык фактысы боюнча соттолгондугу аныкталып, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө», — деп айтылат маалыматта. 

Буга чейин мушкердин жансыз денеси Актау шаарындагы 3-кичи райондо таштанды контейнерлеринин жанынан табылганы кабарланган. Аны сабап кетишкени, денеси бир нече күн көчөдө жатканы айтылган.