Алматыдагы Назарбаев интеллектуалдык мектебинин 11-классынын окуучусунун окуудан чыгарылышына байланыштуу окуя уланып жатат. Бул тууралуу «Тенгри» жазды.
Окуя 23-майда башталган. Анда Алматыдагы Назарбаев интеллектуалдык мектебинен 11-класстын окуучусу чыгарылган. Буга экзамен учурунда тартип бузуулар жана «Ш» тамгадан башталган одоно сөздү мугалимге карата колдонгону себеп болгон.
Бул чечим коомчулукта чоң нааразылык жаратты. Кийинки күнү өспүрүм видео кайрылуу жасаган. Ал мугалимден бир нече жолу кечирим сураган. Анын пикиринде, директор мугалимдер менен ата-энелер арасында ал тууралуу жалган маалымат таратып жатат. Окуучу дисциплиналык жаза алууга даяр экенин, мектептен чыгарбоону суранган.
Кийинчерээк активист Аида Букаева мектеп окуучусунун абалы кескин начарлап кеткенин билдирген. «Сункар талмасы кармап, дене табы түшүп кетти. 21нен бери эч нерсе жеген эмес. Азыр Тез жардам менен ооруканага алып барууда. Бүгүнгө чейин ал экзамен тапшырам деп ойлогон. Тапшырбай турганын укканда өзүн жаман сезе баштады», — дейт ал.
Агартуу министрлиги маалымат таратып, педагогго мындан мамиле кылган туура эмес экенин билдирип, мектеп бул ишти ич ара чечип алат деген ишенимин билдирген. Агартуу министри Гани Бейсембаевдин тапшырмасы менен мектепке балдардын укугун коргоо комитетинин жана аймактык башкармалыктын өкүлдөрү жөнөтүлдү. Министр ошондой эле мектептин башкармалыгынын төрагасы Ануар Жангозин менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.
«Жетекчилиги кырдаалды объективдүү баалоо, болгон окуянын себептерин ар тараптуу талдоо жана билим берүү системасынын белгиленген процедураларынын жана баалуулуктарынын алкагында чыгарылган чечимди кабыл алуу үчүн мектепке ыкчам иш сапары менен барарын ишендирди», — деп билдирди министрлик.