Казакстанда мурдагы жигити тарабынан кескиленген кыздын абалы айтылды (видео)

«Казакстандагы Талдыкоргондо мурунку жигити тарабынан кескиленген кыздын абалы белгилүү болду» деп билдирет Tengrinews.kz кабарчысы. Кызга 27-октябрда мыкаачылык менен кол салуу болгону видеого түшүп калган.

Дарыгерлердин айтымында, бейтаптын моюну жана сол далысы жабыркаган. Ал Тез жардам унаасы менен Талдыкоргон шаардык көп тармактуу ооруканасына жеткирилип, ага биринчи медициналык жардам көрсөтүлгөн. Бейтап нес абалында ооруканага жатуудан баш тарткан. Бир нече күндөн кийин, башкача айтканда, 31-октябрда оорукананын маалыматы боюнча, бейтап ооруканага моюн жарасы, башы ооруганына, моюндун шишигине, уйкусуздук, жалпы алсыздыкка арызданып, кайрылган.

«Учурда бейтаптын абалы орточо оор, өмүрүнө коркунуч туудурган жаракаттар жок. Психологдун жардамы күн сайын көрсөтүлөт. Бейтап көзөмөлгө алынып, протоколго ылайык дарыланууда», — деп айтылат маалыматта. 

Буга чейин интернетте окуя болгон жерден тартылган видео пайда болгон. Жигит кызга кол салып, аны бычак менен кескилеп салган. Кийинчерээк ал жигиттин үй камагына бошотулуп, «бейбаштык» беренеси боюнча иш козголгону белгилүү болгон. Бирок коомчулуктун нааразычылыгынан кийин ал убактылуу кармоочу жайга киргизилип, иш «адам өлтүрүүгө аракет кылуу» деген беренеге өзгөртүлгөн.