Казакстанда мурдагы полиция кызматкери дүкөндөн гүл уурдап, сатуучуну сабап кеткен (видео)

Шымкентте гүл саткан дүкөндө сатуучуга кол көтөргөн адам полициянын мурдагы кызматкери болуп чыкты. Бул тууралуу «Орда» басылмасы жазды. 

Ушул жылдын 8-майында 1989-жылы туулган адам гүл сатуучуну сөгүп, ага кол салып, дүкөндөн бир гүлдесте алып кеткен. Окуя болгон жерге аймактык инспекторлор барышкан. Бирок дүкөн ээси эч кимге дооматы жок экенин айтып, арыз жазуудан баш тарткан.

Ошол эле учурда бул факты боюнча Туран райондук ички иштер бөлүмүндө 191-берененин 2-бөлүгүнүн 1-пункту “күч колдонуп тоноо” боюнча сотко чейинки иликтөө иштери башталган. «Соттук териштирүүдө кара футболка кийген адам өз арызы боюнча 19-майда полициядан бошотулган Каратау райондук ички иштер бөлүмүнүн мурдагы кызматкери экендиги аныкталды», — деп айтылат билдирүүдө.