Казакстан Нурсултан Назарбаевдин сүрөтү түшүрүлгөн тыйын чыгарды

Казакстанда «Казакстандын борбору — Нур-Султан» («Qazaqstannyń astanasy — Nur-Sultan») аталышындагы коллекциялык тыйын чыгарылды. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык аталган тыйын коллекциясына өлкөнүн туңгуч президенти Нурсултан Назарбаевдин сүрөтү түшүрүлгөн.

Ошондой эле жергиликтүү басылмалардын маалыматына таянсак, бул тыйын 1000 теңгеге бааланган. Ал 925/1000 пробасындагы 46,2 грамм күмүштөн жана 999/1000 пробасындагы 16 грамм алтындан жасалган.

Чыгарылган бул тыйындар өлкө аймагында пайдаланууга жарактуу делип, пайдаланууга берилген.