Кызылордада сексуалдык кулчулукка кабылган жашы жете элек кызга опузалоо фактысы боюнча козголгон кылмыш иши жабык эшик артында каралды. Бул тууралуу Tengrinews.kz жазды.
Расмий маалыматка караганда, соттолуучу ар-намысына шек келтирген маалымат таратам деп коркутуп, жашы жете элек жабырлануучудан 700 миң теңге талап кылып, ошондой эле сумкасынан 35 миң теңге алып кеткен. Кызылорда облустук сотунун басма сөз кызматы билдиргендей, соттолуучунун күнөөсү психологиялык-психиатриялык экспертизанын корутундусу, окуя болгон жерди кароо, беттештирүү протоколдору жана жабырлануучунун көрсөтмөлөрү менен тастыкталган.
Сот айыпталуучуну 4 жыл 6 айга эркинен ажыраткан.
Август айында Кызылордада мектеп окуучулары 16 жаштагы классташын сексуалдык кулчулукта кармаган деп шектелип жатканы белгилүү болгон. Өспүрүмдөр тобу кызды күч менен кармап, баңгизатка мажбурлашканын «Не молчи» фондунан билдиришкен. Фонддон бул тууралуу мектеп директору, мугалимдер жана аймактык тескөөчү билишкенин айтышкан. Облустук ички иштер башкармалыгынан кылмышка шектүүлөр кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилгенин маалымдашты. Балдардын укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Динара Закиева тергөө иштери анын көзөмөлүндө экенине ишендирген.